КООН ҮЗМӨЙ
КООН ҮЗМӨЙ – жаш балдардын, жигиттердин, кыз-келиндердин оюну. Ойноочулардын бирөө «бакчачы», калгандары «коон үзүүчүлөр» ж-а «коондор» болот. «Коон үзүүчүлөр» каз-катар тизилип, «бакчачы» башчы болуп, алардын эң алдында отурат. «Бакчачы»: «Жолуң болсун, кайда барасыз?», – десе, биринчи «коон үзүүчү»: «Бакчаңыздан коон үзгөнү келдим», – дейт. «Бакчачы»: «Андай болсо келиңиз, бышканын тандап алыңыз» – деп уруксат берет; «Коон үзүүчү» бала улам бир баланын ийнин басып тандап отуруп, көңүлүнө жакканын: «Бул бышыптыр, ушуну алам», – деп отурган жеринен «үзүп алууга» киришет. Бышкан «коон» «сабагынан үзүлбөөгө» тырышат, бирок «коон үзүүчү» акыры аны үзүп алат да, «бакчачыдан» баасын сурайт. «Бакчачы» коонду багууга жумшаган эмгегин, анын даамдуулугун айтып, баасын (ыр, шап, жаңылмач, матек, бий, күү ж. б.) бычат. «Коон үзүүчү» «бакчачынын» талабын аткарса, «коонун» алып барып, оюндагылардын арасына жанаша отурат. Кезек «коон үзүүчүлөрдүн» кийинкилерине тийип, оюн улана берет.