КООН ҮЗМӨЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООН ҮЗМӨЙ – жаш балдардын, жигиттердин, кыз-келиндердин оюну. Ойноочулардын бирөө «бакчачы», калгандары «коон үзүүчүлөр» ж-а «коондор» болот. «Коон үзүүчүлөр» каз-катар ти­зилип, «бакчачы» башчы болуп, алардын эң ал­дында отурат. «Бакчачы»: «Жолуң болсун, кайда барасыз?», – десе, биринчи «коон үзүүчү»: «Бак­чаңыздан коон үзгөнү келдим», – дейт. «Бакча­чы»: «Андай болсо келиңиз, бышканын тандап алыңыз» – деп уруксат берет; «Коон үзүүчү» бала улам бир баланын ийнин басып тандап отуруп, көңүлүнө жакканын: «Бул бышыптыр, ушуну алам», – деп отурган жеринен «үзүп алууга» киришет. Бышкан «коон» «сабагынан үзүлбөөгө» тырышат, бирок «коон үзүүчү» акыры аны үзүп алат да, «бакчачыдан» баасын сурайт. «Бакча­чы» коонду багууга жумшаган эмгегин, анын даамдуулугун айтып, баасын (ыр, шап, жаңыл­мач, матек, бий, күү ж. б.) бычат. «Коон үзүүчү» «бакчачынын» талабын аткарса, «коонун» алып барып, оюндагылардын арасына жанаша оту­рат. Кезек «коон үзүүчүлөрдүн» кийинкилерине тийип, оюн улана берет.