КООЗ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООЗ ӨСҮМДҮКТӨР – кооздук үчүн өстүрүлүүчү өсүмдүктөр тобу. Калк жашаган жерлерди жа­шылдандыруу, турак жай, гүлзар, көчөлөрдү көрктөндүрүү үчүн өстүрүлөт; К. ө-дүн коргоо, сан.-гигиеналык ж. б. мааниси бар. Өсүмдүктүн биол., экол. өзгөчөлүктөрүнө ж-а өстүрүүнүн аг­ротех. ыкмасына жараша К. ө. төмөнкүчө бөлүнөт: кооз дарак ж-а бадалдар – жазы, ийне ж-а күбүлмө жалбырактуулар (эмен, кайың, акация, карагай, арча, мажрүм тал, мырза те­рек); бир жылдык, эки жылдык ж-а көп жыл­дык К. ө. Алар сабагынын өсүү формасына жа­раша сойломо, төшөлмө, тик өсүүчү ж-а ампел­дик, өсүү шартына, пайдаланылышына жара­ша оранжерея, бөлмө К. ө-ү болуп айырмала­нат. Алардан атыр гүл, георгина, чекилдек гүл, жоогазын ж. б. гүлдөрдүн көптөгөн жаңы сорт­тору ж-а түрлөрү чыгарылган.