КОҢОРЧОК 1
КОҢОРЧОК (Halimodendron) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Бийиктиги 2 мге жеткен бадал. Жалбырагы жуп, канаттай. Жалбырак огунун учу ж-а жан жалбыракчасы тикенек түрүндө. Гүлдөрү мала кызыл же кызгылт, көгүш, ак, топ гүлү – чачыдай. Мөмөсү – чанак.
Уругу күрөң, формасы бөйрөктөй, Коңорчок Иранда, Моңголиянын түндүк - батышында, Европада, Кавказда кездешет. Кыргызстандын бардык аймактарынын тоо этегинде, көл, өзөн боюндагы шор топурактуу жерде өсөт. Тамырында сары түскө боёчу пигменти бар. Токой тилкелерин өстүрүүдө ж-а кооз өсүмдүк катары айрым аймактарда өстүрүлөт.