КОНУШ
КОНУШ – эл көчүп келип, коно турган жер. Көчмөнчүлүк турмушта пайда болгон. Үй ээси, айыл билермандары көч келгенге чейин төрт түлүк малга жайыттуу, боз үй тигүүгө оңтойлуу, коңшу айыл менен катташууга ыңгайлуу, мал түнөтүүгө жайлуу, отун-суусу жакын түзөңчө жер издешип, конуш чалышкан. Андан соң ылайыктуу орунга көчтү түшүрүшкөн. Конуш алгандарга келген мейман «Конушуңар жайлуу болсун» деп кайрылган. Эл көчүп кеткенден кийин ээн калган конуш журт деп аталган.