КУРОРТОЛОГИЯ
КУРОРТОЛОГИЯ (курорттор жана ...логия) медицинанын табигый дарылык факторлорду, алардын адамга тийгизген таасирин, дарылоо, алдын алуу жолдорун изилдѳѳ, о. эле санаторий жана курорттордун соц.-гигиеналык шартын иштеп чыгуучу тармагы. Ага бальнеология, бальнеотерапия, баткак менен дарылоо, климатология, климат менен дарылоо ж. б. кирет. К. физиотерапия, физиология, гигиена ж. б. менен тыгыз байланыштуу. К. маселесин Кырг-н К. жана калыбына келтирүү ИИИ изилдейт. Анын максаты курорт ресурстарын табуу, курорттук факторлордун касиетин, таасирин изилдѳѳ, дарылоо ыкмаларын ж. б. маселелерди иштеп чыгуу. К. б-ча изилдѳѳлѳрдүн натыйжасында курорттордун гидроминерал ресурстары кеңейип, минералдуу суу жана дары баткак кендери табылып, жаңы курорттор ачылып, комплекстүү дарылоо ыкмалары киргизилет.