КУРОРТОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРОРТОЛОГИЯ (курорттор жана ...логия) - медицинанын табигый дарылык факторлорду, алардын адамга тийгизген таасирин, дарылоо, алдын алуу жолдорун изилдѳѳ, ошондой эле санаторий жана курорттордун социалисттик -гигиеналык шартын иштеп чыгуучу тармагы. Ага бальнеология, бальнеотерапия, баткак менен дарылоо, климатология, климат менен дарылоо ж. б. кирет. Курортология физиотерапия, физиология, гигиена ж. б. менен тыгыз байланыштуу. Курортология маселесин Кыргызстан куруртология жана калыбына келтирүү ИИИ изилдейт. Анын максаты курорт ресурстарын табуу, курорттук факторлордун касиетин, таасирин изилдѳѳ, дарылоо ыкмаларын ж. б. маселелерди иштеп чыгуу. Курортология боюнча изилдѳѳлѳрдүн натыйжасында курорттордун гидроминерал ресурстары кеңейип, минералдуу суу жана дары баткак кендери табылып, жаңы курорттор ачылып, комплекстүү дарылоо ыкмалары киргизилет.