КУРМАНЖАН ДАТКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРМАНЖАН ДАТКА Маматбай кызы (1811, Алай 1. 2. 1907, Ош ш-на жакын Мады кыш.) кыргыз аялдарынан чыккан коомдук

ишмер.

Курманжан датка небереси менен. Г. Маннергеймдин сүроту. 1906-жылы

Алымбек датканын аялы. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу, Алай «канышасы» деген ат менен белгилүү. Атасы Маматбай мунгуш уруусунун жапалак урусунан. 17 жашка чыкканда атасы кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин Кулсейит аттуу уулуна турмушка чыккан. Бирок күйөөсү көңүлүнө толбой, үч жыл жашап, чанып кеткен. 1832-жылы баргы уруусунун бийи Алымбе менен таанышып, ага баш кошкондон кийин анын таасирдүү кенешчисине айланып, коомдук иштерге аралаша баштаган. Курманжан датка Алымбек менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болгон. Кокон хандыгындагы так талашууга байланыштуу чыр-чатактын биринде Алымбек датка өлтүрүлгөн. Ушул себептен Бухаранын эмири Сейит Музаффар-эддин аскери менен Ошко келип, алайлык кыргыздарды өз жагына тартуу үчүн датка наамын Алымбектин улуу уулу (Курманжандын өгөй баласы) Жаркымбайга сунуш кылган. Бирок Осмон, Өмүрбек, Акимбай ж. б. белгилүү бийлердин кеңеши б-ча Жаркымбай ал наамдан баш тартат. Натыйжада эмир аны Ош ш-на аким кылып, Курманжанга датка наамын ыйгарган. Алай өрөөнүндө К. д-нын таасири күчтүү экенин жакшы билген Кокон хандары дагы бул жердеги кыргыздарды колдон чытар-боо үчүн аны м-и мамиле түзүүгө аргасыз болуш кан. 1864-жылы М. Г. Черняевдин отрядына кар шы салгылашууда Жаркымбай өлүп, ордуна Аб-дылдабек Ошко аким болуп дайындалат. Куда­яр хан 3-жолу такка отурганда (1865) Курманжан датка ур-мат менен анын шаан-шөкөтүнө чакырылган. Бирок 1870-жылдардан кийин Кудаяр хандын саясатына нааразы болуп, ага каршы көтөрүлгөн Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун ж. б-ды колдогон. К. д-нын таасири менен Абдылдабек Искактын кѳтѳрүлүшүндѳ белгилүү роль ойногон. Кокон хандыгы жоюлганда, орустарга багынгысы келбеген Курманжан датка Кашкардагы Кѳк-Сууга кѳчүп кеткен. Анын жайнаган малына кызыккан кашкарлыктар ал жерде да тынчтык берген эмес. Ошондуктан 1876-жылы уулу Камчыбек менен кайра Алайга келген. Ошол эле жылдын апрель айында Түркстан генерал-губернаторунун буйругу б-ча 3 күндүн ичинде алайлык

Г. Маннергейм жана чыгыш таануучу П. Пельо (Р. Pelliot) Курманжан датканын боз үйүндѳ. Солдоноңго: П. Пельо, Курманжан датка, небереси, Г. Маннергейм. 1906.

кыргыздарды күч менен болсо дагы багындырып, салык жыйнап келүү үчүн М. Д. Скобелевдин отряды Гүлчѳгѳ келген. Ош уездинин биринчи начальниги, генерал М. Е. Ионовдун аракети менен Курманжан датка уулу Камчыбек жана небереси Мырзапаязды жанына кошуп алып, М. Д. Скобелевге жолуккан. Орус аскер курал-жарагынын артыкчылыгын жакшы түшүнүп, аргасыз алардын бийлигине багынууга жана алайлык кыргыздарды орус букаралыгына киргизүү үчүн кѳмѳктѳшүүгѳ макул болгон. М. Д. Скобелев аны урмат -н кабыл алып, белекке алтын чѳйчѳк берип, парча чепкен жапкан. Үч уулу -- Мамытбек, Асанбек, Батырбек да анын сѳзүн угуп, Ошко келишкен жана болуш башчылыгына дайындалышкан. Орустун бажы кызматчыларын ѳлтүргѳн деген айып менен уулдары - Мамытбек, Асанбек, Батырбек Сибирге айдалып, Камчыбеги дарга асылгандан кийин (1895) орус бийлигинен алыстап, Алайдагы айыына кеткен. Аны менен бетме-бет сүйлѳшкѳн орус чиновниктери К. д-нын абдан акылдуугун жана терең дипл. талантын баса белгилеп, аны «Алай канышасы» деп аташкан. Алардын кѳрсѳтмѳсү б-ча Алымбектин жесиринин кадыр-баркы үй-бүлѳсүндѳ эле эмес, Ош жана Маргалаң уезддерине караштуу жалпы кѳчмѳндѳр ичинде да ѳтѳ жогору болгон». Императордун 1901-жылы 13-декабрдагы буйругу б-ча Курманжан датка асыл таш чѳгѳрүлгѳн алтын саат менен сыйланган. Бишкек ш-на (2004), Жапалак айылына жана Ош ш-на (2011) эстелиги тургзулуп, ысмы кѳчѳлѳргѳ, айлындагы мектепке ыйгарылган. Курманжан датка фонду уюшулуп (1995), акчага элеси түшүрүлгѳн. КР президенти Р. Отунбаеванын чечими менен 2011-жылы «Курманжан датка» жылы деп жарыяланып, 200 жылдыгы белгиленген, «Курманжан датка» аттуу даректүү фильм (реж. 3. Эралиев) тартылып, «Курманжан датка» атн. мамл. сыйлык-орден уюштурулган. К. д-га арналган драмалык чыгармалар («Канышанын кѳз жашы», С. Раев; «Курманжан датка», К. Сактанов, Т. Касымбеков) жазылган жана «Датка эне» деген китеп чыгарылган. Гүлчѳ айлында музейи бар.


Ад.: Алексеев А.
Курманджан-датха (Краткая биографическая заметка)//Туркестанский сборник. Т. 422; Ювачев И. Курбан-Джан-датха, кара-киргизская царица Алая//Туркестанский сборник. Т. 471; Тагеев Б. Л. Царица Алая//Нива. 1898; Газиев А Курманджан датка — некоронованная царица Алая. Б., 1991; Жусуев С. Курманжан датка. Б., 1994; Плоских В. H., Жолдошева Ж., Какеев А. Ч, Мамы­тов С. Курманджан датка — царица Алая. Б., 2002; Ѳмүрзакова Т. Курманжан датка: доор, инсан, ишмердүүлүк. Б., 2002; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Бектурганова К. Кыргызстандын Асыл кыздары. Б., 2006.