КУРМАНЖАН ДАТКА
КУРМАНЖАН ДАТКА Маматбай кызы (1811, Алай 1. 2. 1907, Ош шаарына жакын Мады кыштагы.) кыргыз аялдарынан чыккан коомдук ишмер.

Алымбек датканын аялы. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу, Алай «канышасы» деген ат менен белгилүү. Атасы Маматбай мунгуш уруусунун жапалак урусунан. 17 жашка чыкканда атасы кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин Кулсейит аттуу уулуна турмушка чыккан. Бирок күйөөсү көңүлүнө толбой, үч жыл жашап, чанып кеткен. 1832-жылы баргы уруусунун бийи Алымбек менен таанышып, ага баш кошкондон кийин анын таасирдүү кеңешчисине айланып, коомдук иштерге аралаша баштаган. Курманжан датка Алымбек менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болгон. Кокон хандыгындагы так талашууга байланыштуу чыр-чатактын биринде Алымбек датка өлтүрүлгөн. Ушул себептен Бухаранын эмири Сейит Музаффар-эддин аскери менен Ошко келип, алайлык кыргыздарды өз жагына тартуу үчүн датка наамын Алымбектин улуу уулу (Курманжандын өгөй баласы) Жаркымбайга сунуш кылган. Бирок Осмон, Өмүрбек, Акимбай ж. б. белгилүү бийлердин кеңеши боюнча Жаркымбай ал наамдан баш тартат. Натыйжада эмир аны Ош шаарына аким кылып, Курманжанга датка наамын ыйгарган. Алай өрөөнүндө Курманжан датканын таасири күчтүү экенин жакшы билген Кокон хандары дагы бул жердеги кыргыздарды колдон чыгарбоо үчүн аны менен мамиле түзүүгө аргасыз болушкан. 1864-жылы М. Г. Черняевдин отрядына каршы салгылашууда Жаркымбай өлүп, ордуна Абдылдабек Ошко аким болуп дайындалат. Кудаяр хан 3-жолу такка отурганда (1865) Курманжан датка урмат менен анын шаан-шөкөтүнө чакырылган. Бирок 1870-жылдардан кийин Кудаяр хандын саясатына нааразы болуп, ага каршы көтөрүлгөн Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун жана башкаларды колдогон. Курманжан датканын таасири менен Абдылдабек Искактын кѳтѳрүлүшүндѳ белгилүү роль ойногон. Кокон хандыгы жоюлганда, орустарга багынгысы келбеген Курманжан датка Кашкардагы Кѳк-Сууга кѳчүп кеткен. Анын жайнаган малына кызыккан кашкарлыктар ал жерде да тынчтык берген эмес. Ошондуктан 1876-жылы уулу Камчыбек менен кайра Алайга келген. Ошол эле жылдын апрель айында Түркстан генерал-губернаторунун буйругу боюнча 3 күндүн ичинде алайлык кыргыздарды күч менен болсо дагы багындырып, салык жыйнап келүү үчүн М. Д. Скобелевдин отряды Гүлчѳгѳ келген. Ош уездинин биринчи начальниги, генерал М. Е. Ионовдун аракети менен Курманжан датка уулу Камчыбек жана небереси Мырзапаязды жанына кошуп алып, М. Д. Скобелевге жолуккан. Орус аскер курал-жарагынын артыкчылыгын жакшы түшүнүп, аргасыз алардын бийлигине багынууга жана алайлык кыргыздарды орус букаралыгына киргизүү үчүн кѳмѳктѳшүүгѳ макул болгон. М. Д. Скобелев аны урмат менен кабыл алып, белекке алтын чѳйчѳк берип, парча чепкен жапкан. Үч уулу -- Мамытбек, Асанбек, Батырбек да анын сѳзүн угуп, Ошко келишкен жана болуш башчылыгына дайындалышкан. Орустун бажы кызматчыларын ѳлтүргѳн деген айып менен уулдары - Мамытбек, Асанбек, Батырбек Сибирге айдалып, Камчыбек дарга асылгандан кийин (1895) орус бийлигинен алыстап, Алайдагы айылына кеткен. Аны менен бетме-бет сүйлѳшкѳн орус чиновниктери Курманжан датканын абдан акылдуугун жана терең дипломатиялык талантын баса белгилеп, аны «Алай канышасы» деп аташкан. Алардын кѳрсѳтмѳсү боюнча Алымбектин жесиринин кадыр-баркы үй-бүлѳсүндѳ эле эмес, Ош жана Маргалаң уезддерине караштуу жалпы кѳчмѳндѳр ичинде да ѳтѳ жогору болгон». Императордун 1901-жылы 13-декабрдагы буйругу боюнча Курманжан датка асыл таш чѳгѳрүлгѳн алтын саат менен сыйланган. Бишкек шаарына (2004), Жапалак айылына жана Ош шаарына (2011) эстелиги тургзулуп, ысмы кѳчѳлѳргѳ, айлындагы мектепке ыйгарылган. Курманжан датка фонду уюшулуп (1995), акчага элеси түшүрүлгѳн. КР президенти Р. Отунбаеванын чечими менен 2011-жылы «Курманжан датка» жылы деп жарыяланып, 200 жылдыгы белгиленген, «Курманжан датка» аттуу даректүү фильм (реж. 3. Эралиев) тартылып, «Курманжан датка» атындагы мамлекеттик сыйлык-орден уюштурулган. Курманжан даткага арналган драмалык чыгармалар («Канышанын кѳз жашы», С. Раев; «Курманжан датка», К. Сактанов, Т. Касымбеков) жазылган жана «Датка эне» деген китеп чыгарылган. Гүлчѳ айлында музейи бар.
Ад.: Алексеев А. Курманджан-датха (Краткая биографическая заметка)//Туркестанский сборник. Т. 422; Ювачев И. Курбан-Джан-датха, кара-киргизская царица Алая//Туркестанский сборник. Т. 471; Тагеев Б. Л. Царица Алая//Нива. 1898; Газиев А Курманджан датка — некоронованная царица Алая. Б., 1991; Жусуев С. Курманжан датка. Б., 1994; Плоских В. H., Жолдошева Ж., Какеев А. Ч, Мамытов С. Курманджан датка — царица Алая. Б., 2002; Ѳмүрзакова Т. Курманжан датка: доор, инсан, ишмердүүлүк. Б., 2002; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Бектурганова К. Кыргызстандын Асыл кыздары. Б., 2006.