КУНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНУ (Сastrol) – сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүндөгү түрү. Сууда, кургакта жашайт. Денесинин уз. 1 м, куйругу 30 см, салм. 30 кгга жетет. Куйругу жалпак, жүнсүз мүйүз сымал калканчалар менен капталган. Арткы буттарынын манжалары сүзгүч жаргакчалар аркылуу туташкан. Түсү кара-күрөң, саргыч-боз, кээде кара. Европа, Азия, Түн. Америкада сакталган. Жай аккан, жээги бак-дарактуу токойлуу сууларда жашайт. Жоон дарактарды жыгып, бутактарын

«кыйып», сууларга тосмо жасайт. Моногам, ургаачысы 3–4 бала тууйт. 35 жылга чейин жашайт. Териси кооз, жылуу, бышык болгондуктан баалуу.