КУНУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУНУ (Сastrol) – сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүндөгү түрү. Сууда, кургакта жашайт. Денесинин узундугу 1 м, куйругу 30 см, салмагы 30 кгга жетет. Куйругу жалпак, жүнсүз мүйүз сымал калканчалар менен капталган. Арткы буттарынын манжалары сүзгүч жаргакчалар аркылуу туташкан. Түсү кара-күрөң, саргыч-боз, кээде кара. Европа, Азия, Түндүк Америкада сакталган. Жай аккан, жээги бак-дарактуу, токойлуу сууларда жашайт. Жоон дарактарды жыгып, бутактарын

«кыйып», сууларга тосмо жасайт. Моногам, ургаачысы 3–4 бала тууйт. 35 жылга чейин жашайт. Териси кооз, жылуу, бышык болгондуктан баалуу.