КУНДУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНДУЗ (Lutra) – суусарлар тукумундагы кундуздар уруусуна кирген жаныбар. Дене уз. 70 см, салмагы 10 кгга жакын. Жылына 2 жолу 2–4төн тууйт. Балык ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат. Куйругу узун, буту кыс­ка, манжалары жаргакча менен кошулган. Жону кара күрөң, боору агыш, жүнүнө суу жукпайт. Тышкы териси өтө баалуу. Өткөн кылымдын биринчи жарымында Түн. Кырг-нда Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө, Көкөмерен,

Нарын, Чаткал д-нда жашаган. Кийин К-дун саны өтө азайып кеткендиктен, Кырг-ндын Кы зыл китебине катталган.