КУМДАК ТОПУРАК
КУМДАК ТОПУРАК – механикалык курамында өлчөмү 0,01 ммден кичине бөлүкчөлөрү 10%тен кем (калган бөлүгү кум) болгон топурак. Чиринди азык заттары аз, ным сиңиримдүүлүгү начар, бирок сууну жакшы өткөрөт жана тузсуз келет. Кумдак топурак Кыргызстанда көп кездешет. Токой жа бадал өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот.