КУЛПУНАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛПУНАЙ , к л у б н и к а (Fragaria moschata) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп.

Кулпунай: 1– өсүмдүктүн жалпы көрүнүшү; 2а, 2б – мөмөлөрү; 3 – мөмөнүн жара кесилиши.

Кожогатка окшош. Бийикт. 30–35 см, жалбырагы чоң, үч ача, түктүү. Гүл сабы жалбырактарынан бийик өсөт. Гүлү ак, бир жыныстуу, айрым эгилме түрүнүн гүлү кош жыныстуу. Жемиши майда (2–3 г), кызыл, көк, сулпу ак, ширелүү, жыпар жыт­туу. Жапайы түрү Европада кездешет. Эгилме түрү Франция, Италия, Англия, Германия жана КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Жемиши жаңы кезинде желет, о. эле кыям, компот кайнатылат, шире алынат. К. суукка байымдуу, кургакчылыкка чыдамсыз. Көлөкө жерде жакшы өсөт. Сорттору: Шпанка, Милан ж. б. Акыркы жыл­дары К-ды кожогатка кыйыштыруу жолу менен гибрид алынган.