КУЛПУНАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛПУНАЙ , к л у б н и к а (Fragaria moschata) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп.

Кулпунай: 1– өсүмдүктүн жалпы көрүнүшү; 2а, 2б – мөмөлөрү; 3 – мөмөнүн жара кесилиши.

Кожогатка окшош. Бийиктиги 30–35 см, жалбырагы чоң, үч ача, түктүү. Гүл сабы жалбырактарынан бийик өсөт. Гүлү ак, бир жыныстуу, айрым эгилме түрүнүн гүлү кош жыныстуу. Жемиши майда (2–3 г), кызыл, көк, сулпу ак, ширелүү, жыпар жыт­туу. Жапайы түрү Европада кездешет. Эгилме түрү Франция, Италия, Англия, Германия жана КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Жемиши жаңы кезинде желет, ошондой эле кыям, компот кайнатылат, шире алынат. Кулпунай суукка байымдуу, кургакчылыкка чыдамсыз. Көлөкө жерде жакшы өсөт. Сорттору: Шпанка, Милан ж. б. Акыркы жыл­дары кулпунайды кожогатка кыйыштыруу жолу менен гибрид алынган.