КУЛЖА КЕЛИШИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЖА КЕЛИШИМИ (1851) – О. Азия чегинде орус-кытай соодасын тартипке салуу ж-дөгү келишим; 1851-ж. 25-июлда Кулжа ш-нда (Кы­тай) түзүлүп, Россия тараптан Е. П. Ковалевский, Кытайдан И Шань жана Бу Яньтай кол коюшкан. Иле (Кулжа) менен Тарбагатайда (Чөйчөктө) соода жүргүзүүгө орус соодагерлерине укук берилген. 17 статьядан турган К. к-нде соода жүргүзүү, кербендерди коргоо, каракчыларды жазалоо ж. б. талаш-тартыш маселелерди чечүү каралып, жерг. кыргыз, казак ж. б. элдердин кызыкчылыгы көңүлгө алынган эмес. К. к. О. Азия аркылуу Россия менен Кытайдын ортосунда сооданы өнүктүрүп, алардын байланышын чыңдаган.