КУЛЖА КЕЛИШИМИ
КУЛЖА КЕЛИШИМИ (1851) – Орто Азиянын чегинде орус-кытай соодасын тартипке салуу жөнүндөгү келишим. 1847-жылы орус аскеринин Капалга (Иле дарыясынын оң жээги) чеп курушу (кара: Ала-Тоо округу) Кокон хандыгы жана Россия, Цин империяларынын ортолорундагы үч тараптуу мамилелерди кескин курчутуп жиберген. 1848-жылы жазында Пишпек чебинен аттанган Аккулу башында 3000 кокондук аскер Иле дарыясына чейин жетип, казак урууларынан (негизинен дуулаттар) зекет талап кыла баштаган. Цин өкмөтү 1849-ж. Кулжа – Кашкар жолун салуу үчүн Чыгыш Түркстандагы аскеринин санын көбөйткөн жана өзүнүн кол алдында деп эсептеген Боромбайга жылына он жамбы акы чегерип, княздык (гун) наам берген. Башкача айтканда кыргыз-казактарга салыштырмалуу күч-кубаттуу үч чоң өлкө Иле дарыясын плацдарм катары карап, күч сынашууга киришкен. Натыйжада Орто Азия аркылуу өткөн кербенчилер үчүн саясий-экнономикалык кыйынчылык жаралып, товарлардын баалары кымбаттаган, ошондой эле соода иши солгундай баштаган. Ошондуктан Россия жана Цин өкмөттөрүнүн ортодогу саясий мамилелерди жөнгө салуунун расмий жолун издешкен. Кулжа келишими 1851-жылы 25-июлда Кулжа шаарында (Кытай) түзүлүп, Россия тараптан Е. П. Ковалевский, Кытайдан И Шань жана Бу Яньтай кол коюшкан. Иле (Кулжа) менен Тарбагатайда (Чөйчөктө) соода жүргүзүүгө орус соодагерлерине укук берилген. 17 статьядан турган келишимде соода жүргүзүү, кербендерди коргоо, каракчыларды жазалоо ж. б. талаш-тартыш маселелерди чечүү каралып, жергиилктүү кыргыз, казак ж. б. элдердин кызыкчылыгы көңүлгө алынган эмес. Кулжа келишими Орто Азия аркылуу Россия менен Кытайдын ортосунда сооданы өнүктүрүп, алардын байланышын чыңдаган.