КУЛБАЕВ Маман
КУЛБАЕВ Маман [1917, азыркы Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Кыргыз-Гава кыш. – 1987, ошол эле жер] – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Ош (азыркы Жалал-Абад) обл-нун Ленин (азыркы Ноокен) р-нундагы Киров атн. колхоздо талаачылык бригадасынын бригадири, жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. Ал башкарган ферма 1947-ж. 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.
