КЕСОН-СИТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́СОН-СИ́ТИ – Филиппиндеги шаар. Лусон аралынын борбордук бөлүгүндө, Түштүк-Кытай деңизинде­ги Манила бухтасынан чыгышта жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2024); калкынын саны ж-а ээле­ген аянты жагынан Чоң Манила конурбация­сынын (калкы 11,0 млн) курамына кирген шаар­лардын эң ириси. Шаар 1939-ж. негизделген. 1948–76-жылдарда өлкөнүн расмий борбору болгон. Жеңил, тамак-аш, хим. ж-а металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Геология илимдери ж-а тоо иштери бюросу (1898), вулканология ж-а сейсмология (1952), ядро изилдөө институттары (1958), инновация ж-а технология региондук билим берүү борбору (1970), 25 университет кампуста-

Шаардын жалпы көрүнүшү. «Аранета Колизеум» спорт сарайы.

ры, сүрөт галереясы, музей комплекстери бар. Зоопарк ж-а жапайы табигый паркы уюшту­рулган. Өлкөнүн 1-президенти М. Л. Кесондун ысмынан аталган.