КЕСОН-СИТИ
КЕ́СОН-СИ́ТИ – Филиппиндеги шаар. Лусон аралынын борбордук бөлүгүндө, Түштүк-Кытай деңизиндеги Манила бухтасынан чыгышта жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2024); калкынын саны ж-а ээлеген аянты жагынан Чоң Манила конурбациясынын (калкы 11,0 млн) курамына кирген шаарлардын эң ириси. Шаар 1939-ж. негизделген. 1948–76-жылдарда өлкөнүн расмий борбору болгон. Жеңил, тамак-аш, хим. ж-а металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Геология илимдери ж-а тоо иштери бюросу (1898), вулканология ж-а сейсмология (1952), ядро изилдөө институттары (1958), инновация ж-а технология региондук билим берүү борбору (1970), 25 университет кампуста-

ры, сүрөт галереясы, музей комплекстери бар. Зоопарк ж-а жапайы табигый паркы уюштурулган. Өлкөнүн 1-президенти М. Л. Кесондун ысмынан аталган.