КЫРГАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГАК – жээк, бир нерсенин жээгине тарты­луучу кооздолуп жасалган тасма; элечек, шөкүлө жана кеп такыянын сырткы курчоосу. Ар кыл эндүүлүктө кездемеден саймаланып, асемделет. Кыргакка алтын, күмүш, акак таштар чөгөрүлүп, элечекти кооздоо менен анын жанып, чубалып кетишинен да сактайт. Ал асемделишине жана жердигине жараша алтын кыргак, күмүш кыргак, сайма кыргак, оймо кыргак, бермет же шуру кыргак, жибек кыргак, кым­кап кыргак деп аталат. Кыргактын этегинде майда жел­бирөөчтөр болот.