КЫНАЛМА ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫНАЛМА ТАШ , б р у с ч а т к а – катуу тоо тектерден (гранит, диабаз, базальт ж. б.) даяр­далган курулуш материалы. Короо-жайга ж-а жолго төшөлөт. К. т-тын уз. 15–30 см, туурасы 9–15 см, бийикт. 9–16 см. Акыркы мезгилде К. т. атайын аралашмадан ар кандай формадагы калыпка куюлуп, түрдүү түстө даярдалат. Сейил бактарга, аянттарга, жөө адамдар жүрүүчү жолдорго кеңири төшөлүүдө.