КЫНАЛМА ТАШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫНАЛМА ТАШ , б р у с ч а т к а – катуу тоо тектерден (гранит, диабаз, базальт жана башкалар) даярдалган курулуш материалы. Короо-жайга жана жолго төшөлөт. Кыналма таштын узундугу 15–30 см, туурасы 9–15 см, бийиктиги 9–16 см. Акыркы мезгилде кыналма таш атайын аралашмадан ар кандай формадагы калыпка куюлуп, түрдүү түстө даярдалат. Сейил бактарга, аянттарга, жөө адамдар жүрүүчү жолдорго кеңири төшөлүүдө.