КЫЛ КАЛЕМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:51, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛ КАЛЕМ (кисть) – сүрөт тартууда пайдаланылуучу жабдык. Катуу кылдуу кыл калем (жыл­кы жана башка жаныбарлардын жал-куйругунан жасалат) көбүнчө май боёк менен тартууда – узун кылдуусу желим живописи менен фрескада, ал эми жумуру учталган жумшак кылдуу (тыйын чычкан, кашкулак жана башкалардын жүнүнөн) кыл акварель, темпера жана графикада колдонулат. Кызыл күзөндүн кылынан жасалган жумшак жана ий­кемдүү кыл калем ар түркүн боёк үчүн жарамдуу.