КЫЛ КАЛЕМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЛ КАЛЕМ (кисть) – сүрөт тартууда пайдаланылуучу жабдык. Катуу кылдуу кыл калем (жылкы жана башка жаныбарлардын жал-куйругунан жасалат) көбүнчө май боёк менен тартууда – узун кылдуусу желим живописи менен фрескада, ал эми жумуру учталган жумшак кылдуу (тыйын чычкан, кашкулак жана башкалардын жүнүнөн) кыл акварель, темпера жана графикада колдонулат. Кызыл күзөндүн кылынан жасалган жумшак жана ийкемдүү кыл калем ар түркүн боёк үчүн жарамдуу.

