КЫЛА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛА КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык археологиялык эстелик. Соң-Көлдүн түштүк-батыш тарабында Кыла жергесинде жайгашкан. Бийиктиги 4 м, диаметри 50–60 м тектүү адам көмүлгөн эрте темир дооруна таандык көрүстөн жана коргончо. Коргончонун бурчуна эки таш мамы орнотулган. Мамынын бирине кеч коло, эрте темир дооруна таандык бугу таштарына мүнөздүү тегерекче чегилген.