КЫДЫРНАЗАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРНАЗАРОВ Асанбек (1930, азыркы На­рын обл., Нарын р-ну, Ак-Булуң айылы – 1994, Бишкек) – комузчу, режиссёр, драма артисти, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1977 ). Нарын а. ч. техникумун (1947), Моск­в адагы А . Л уначарс ки й атн. театр ин-тун (1957) бүт-

көн. 1950–52-ж. Нарын р-ндук мад-т үйүндө жетекчи, 1958–63-ж. Нарын муз. драма театрында режиссёр бо­луп иштеп, «Куйручук» (М. Рыскулов, А. Көбөгө­нов), «Комуздун тагдыры» (Р. Шүкүрбеков), «Эч кимге айтпа» (Т. Абдумомунов), «Гүлнара» (Н. Жүндүбаева), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшмамбетов) ж. б. пьесаларды койгон. 1963–91-ж. Кыргыз мамл. драма театрында ар кандай тагдырдагы, мүнөздөгү, түрдүү курактагы образдарды жараткан: Токтогул, Байтерек, Са­дыркул (Т. Абдумомунов, «Сүйүү жана Үмүт»,«Каркыралар кайтканда», «Атабектин кызы»), Азат Султанович (М. Байжиев, «Ар бир үйдө

А. Кыдырназаров – Азат Султанович, Т. Турсунбаева – Мадина. М. Байжиев. «Ар бир үйдө майрам» спектаклинен көрүнүш. 1976.

майрам»), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Бакай (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») ж. б. К. залкар комузчу да болгон. Ал Карамолдонун «Сынган бугу», «На­сыйкат», Абактын «Кара кашка аргымак» ж. б. күүлөрүн ийине жеткире черткен. Өзү «Кыргыз көчү», «Бешик», «Калмак ашуу», «Тилек», «Саа­мал», «Запкы», «Көк бөрү», «Бир кайрык», «Өксүү» ж. б. кара күүлөрдү чыгарган, а. и. «Кыргыз көчү» оригиналдуулугу м-н комуз күүлөрүнүн классикасына айланды. КРдин коомдук теле­радио берүү корпорациясынын алтын казына­сына 20дай күүсү жазылып алынган, айрымда­ры эл аспаптар, симф. оркестрлерге салынган.

Б. Алагушов.