КЕМЕР (белге кур­чалуучу кур)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КЕМЕР to КЕМЕР (белге кур­чалуучу кур)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМЕР – сырт кийимдин тышынан белге кур­чалуучу кур. Ал жогорку сапаттагы кайыштан жазылыгы алакандай жасалат. Кемер кыргыздар­дын салттуу турмушунда адамдын бир курактан экинчи куракка өткөнүн билгизет. Аны жигит курагына киргенден баштап курчанышат.

Күмүш кемерлер.

Кемер – жигиттик намыстын, жоопкерчиликтин, тайманбастыктын белгиси. Жасалышына карай жөнөкөй кемер, күмүш кемер деп бөлүнгөн. Тогоосу те­мирден жазы жасалып, кайыштын сырткы бе­тине көркөмдөлүп, күмүш чаптырылат.