КЕЛТЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛТЕ – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районун­дагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округу­на караштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш­нан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен (Өзбекстан) 61 км. Калкы 1540 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Май жуаз, тегирмен ж-а соода жай­лары иштейт.