КЕГЕТИ (Чүй районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КЕГЕТИ to КЕГЕТИ (Чүй районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ – Чүй районундагы кыштак. Кегети айыл округуна караштуу. Кегети суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 22 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1816-жылы негиздел­ген. Калкы 2604 (2022); негизинен дыйканчы­лыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, бала бакча, дарыкана бар. Үй­бүлөлүк врачтар тобу, айылдык ден соолук комитети, соода түйүндөрү иштейт. Кегетиде жазуучу Н. Бай­темиров, академик А. Какеев туулган.