КЕКИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИЛИК (Alectoris kakelik) –

кыргоолдор ту­кумундагы илбээсин куш. Дене узундугу 35 смге, сал­магы 400–700 гга чейин жетет. Жону боз, боор жагы саргыч боз, капталдарында туурасынан кеткен кара сызыктары бар. Тумшугу, буттары кызыл. Кекилик бөксө тоо, адыр­лардын сейрек бадалдуу таштак беттеринде жа­шайт. Евразия, Кавказ, Борбордук Азия, Түндүк Казак­стан, Алтай ж. б. жерде кездешет. Кыргызстанда 2 түрү бар. Көмүскө жерге уялап, 24кө чейин жумурт­ка тууйт. 23–25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, жалбырагы, бүчүрү ж-а майда курт-кумурскалар м-н азыктанат. Кекиликтин эти даамдуу, ага аңчылык кылынат.