КОМПОЗИТ МАТЕРИАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ (composit) – өзүнүн касиетин жана курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эрит­мелерден айырмаланып, композит материалдары майда бөлүкчө­лөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. Композит материалдарынын касиети компо­ненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу жана илээшкектүүлүгү менен өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы композит материалдары – самандан жасал­ган кыш байыркы Египетте даярдалган. Катуу­лугун жогорулатуу жана бири-бирин байланыш­тыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бе­тондун бышыктыгын ичке темир же болот ар­матуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мын­дай максатта асбест (кебез таш) буласы колдо­нулса, азыр айнектүү полимердүү жана накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да композит материалдарына кирет. 1980-жылдары металл – матри­цалык композит материалдары пайда болгон жана керамика булалар, мисалы, алюминий оксиди жана кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку температурада өзүнүн касиетин сактоочу ке­рамика булаларга байланыштуу.