КОММЕНТАРИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММЕНТА́РИЙ – 1) кандайдыр бир текстке берилген түшүндүрмө; 2) бир нерсенин жөнүн чечмелеп түшүндүрүү, тактоо, аныктоо иретин­деги сын пикирлер, кошумча айтылган ойлор; 3) адабий текстти, мурастарды изилдеп, филол. багытта изилдеп-иликтөөнүн түрү. К. чыгарма­лар жыйнагында, мемуардык эмгектерде, ата­йын ил. басылмаларда ж. б. пайдаланылат.


Анда тиги же бул чыгарманын жазылыш ж-а басылыш тарыхынан кабар берилет, ал ж-дө жазылган ар түркүн эмгектер (макала, рецен­зия, пикир ж. б.) мүнөздөлөт, лингв., текстол. тактоолор жүргүзүлөт. К. мазмуну б-ча текстол., тарыхый-адабий, биогр., лингв. болуп бөлүнөт. Булардын ар бири өзүнө гана тиешелүү маселе­лерди К-лейт.