КОЛО ДООРУНДАГЫ КӨРҮСТӨНДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛО ДООРУНДАГЫ КӨРҮСТӨНДӨР – б. з. ч. 2-миң жылдык – б. з. ч. 8-к-га таандык археол. эстеликтер. Көрүстөндөрдүн түзүлүшү, кошо коюлган буюмдардын баалуулугу ж-а көлөмү б-ча көмүлгөн адамдын мүлктүк же социалдык жактан айырмачылыгы баамдалат. Көрүстөн­дөрдө күлдүн ж-а адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн кездешиши алардын диний ишениминде отко сыйынуу болгондугун айгинелейт. Адамды көмүү учурунда от колдонулуп, көрдүн тегерегинде ди­ний ырымдар аткарылган. Сөөктү өрттөө м-н катар айрым көрүстөндөрдө сөөктү бүрүштүрүп, көрдүн сол капталына жаткызган учурлар да кездешет. Көрүстөндөрдөгү сөөктүн жанында күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдардын бар экендиги (чопо идиштер, тамак-аш калдык­тары, кооздуктар, курал-жарактар) ж-а көрдүн үй сымал түзүлүшү тиги дүйнөдө жашоо уланат деген ишенимдин болгондугун көрсөтөт. Көр­дүн сыртындагы коргондун ичинен чопо идиш­тердин табылышы сөөктү койгондон кийин маркумду эскерүү, анын арбагына сыйынуу жөрөлгөсүнүн калыптангандыгын тастыктайт. Кырг-ндагы байыркы коло дооруна таандык эстелик – Ак-Суу чебинин калдыгы (б. з. ч. 15– 14-к.), коло доорунун эстеликтери – Арпа кө­рүстөнү, Пригородный айылына жакын жерде табылган көрүстөн, Таш-Төбө, Таш-Башат, Жазы-Кечүү, Тегирмен-Сай, Кулан-Сай, Кызыл- Сай, Жол-Арык ж. б. көрүстөндөр.