КОЛЛИНЕАРДУУ ВЕКТОРЛОР
КОЛЛИНЕАРДУУ ВЕКТОРЛОР (лат. соm – бирге ж-а linea – сызык) – бир түз сызыкка жарыш же бир түз сызыкта жаткан векторлор. Нөл вектор (к. Вектор) каалаган векторго коллинеардуу деп эсептелет. Коллинеардуу векторлор бирдей багытка, ошондой эле карама-каршы да багытталышы мүмкүн. Эгер а– ж-а b эки вектору бир жакка багытталса, анда алар бир багыттуу деп аталып, a tt b түрүндө, ал эми карама-каршы учурунда алар a tJ. b деп жазылат. Коллинеардуу векторлор a 'Ab ('A 0) эки вектордун коллинеардуу болуу шартын аныктайт, башкача айтканда сызыктуу көз каранды болушат. Эки вектордун вектордук көбөйтүндүсүнүн нөлгө барабардыгы алардын коллинеардуулугунун зарыл ж-а жетиштүү шартын мүнөздөйт. Мейкиндикте a(x1, y1, z1) ж-а b (x2 , y2 , z2 ) векторлору коллинеардуу болсо, анда алар сызыктуу көз карандылыкта болуп, алардын координаталары пропорциялаш келет: x1 y1 z1 .