КОЛИЗЕЙ
КОЛИЗЕ́Й – К о л о с с е й (латынча colosseus – зор) – Римдеги Флавийлер амфитеатры; Байыркы Рим архитектурасынын эстелиги (биздин замандын 75–80-жылдары). Колизей узундугу 190м – туурасы156м эллипс түрүндөгү аренадан

жана 4 ярустуу 50 миңче орундан турат. Гладиаторлордун салгылашы жана оюн-зооктор үчүн ылайыкталып курулган. Туфтан салынган, галереялардын конструкциялары бетон жана бышкан кыш менен бекемделген. Заңкайган фасадында 3 ярустуу аркадалар тургузулган.