КОЛИЗЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛИЗЕ́Й – К о л о с с е й (латынча colosseus – зор) – Римдеги Флавийлер амфитеатры; Байыркы Рим архитектурасынын эстелиги (биздин замандын 75–80-жылдары). Колизей узундугу 190м – туурасы156м эллипс түрүндөгү аренадан

Колизей (Флавийлер амфитеатры). Рим. 75–80.

жана 4 ярустуу 50 миңче орундан турат. Гладиа­торлордун салгылашы жана оюн-зооктор үчүн ылайыкталып курулган. Туфтан салынган, га­лереялардын конструкциялары бетон жана бышкан кыш менен бекемделген. Заңкайган фасадында 3 ярустуу аркадалар тургузулган.