КОЛГУЕВ
КОЛГУ́ЕВ – Баренц деңизинин түштүк-чыгышындагы арал. Материктен 75 км аралыкта. Россиянын Архангел облусунда (Ненец АОсунда). Материктен 80 км аралыкта. Аянты 5,2 миң км2. Жеринин бетинде 70–80 м бийиктеги морена дөбөлөрү көтөрүлүп жатат, эң бийик жери 166 м, түштүк бөлүгү түзөң. Көл ж-а саз көп. Жээктери тегиз, түндүк-батышы бийик ж-а тик. Климаты континенттик, деңиздик мүнөздө. Эң суук айынын (март) орточо температурасы –14°С, эң жылуу айыныкы (август) 9°С, жылдык жаан-чачыны 350 мм. Мамык чөп-эңилчектүү тундра өсүмдүктөрү басымдуу; түштүгүнө бадалдуу тундра мүнөздүү. Сүт эмүүчүлөрдөн ак түлкү, түлкү кезигет. Жайында келгин куштар уялайт. Нефть өндүрүлөт. Бугу багуу, балык ж-а аң уулоо өнүккөн. Колгуевде Бугрино, Северный кыштактары жайгашкан. Аралдын аты 16–17-кылымдардагы карталарда кездешет.