КОЛГУЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛГУ́ЕВ – Баренц деңизинин түш.-чыгышын­дагы арал. Материктен 75 км аралыкта. Россия­нын Архангел обл-нда (Ненец АОсунда). Мате­риктен 80 км аралыкта. Аянты 5,2 миң км2. Жеринин бетинде 70–80 м бийиктеги морена дө­бөлөрү көтөрүлүп жатат, эң бийик жери 166 м,


түш. бөлүгү түзөң. Көл ж-а саз көп. Жээктери тегиз, түн.-батышы бийик ж-а тик. Климаты континенттик, деңиздик мүнөздө. Эң суук айы­нын (март) орт. темп-расы –14°С, эң жылуу айыныкы (август) 9°С, жылдык жаан-чачыны 350 мм. Мамык чөп-эңилчектүү тундра өсүм­дүктөрү басымдуу; түштүгүнө бадалдуу тундра мүнөздүү. Сүт эмүүчүлөрдөн ак түлкү, түлкү ке­зигет. Жайында келгин куштар уялайт. Нефть өндүрүлөт. Бугу багуу, балык ж-а аң уулоо өнүк­көн. К-де Бугрино, Северный кыш. жайгашкан. Аралдын аты 16–17-к-дагы карталарда кез­дешет.