КОЛБООР
КОЛБООР – бүркүт кармоочу тор. Ал кереге сымал, үстү туюк, кээде ачык да болот. Колбоор кыргызда алгыр куштарды кармоо үчүн түйүлгөн торлордун байлооч тор деген түрүнө кирет. Байлооч тор бүркүт келип түшкүдөй үстү туюк, кээде ачык жайылып, бир нече ичке, узун таякчаларга туш тарабы бүт керилип бекитилет. Тор көлөмү чоң, жиби жоон, көздөрү укум болуп түйүлөт. Айланасы 15–18 м, бийиктиги 3–4 м болуп, туташ же 3–4 бөлүктөн турат. Колбоор бүркүт учуп өтө турган мерчемдүү, бийик, кайкаң келген көрүнөө жерге жайылат. Саятчы оочада күтүп жатпай, күн алыс келип текшерип, байлоочко жем, суу таштап кетип турат. Колбоордун ичиндеги байлоочко бүркүт тийгенде тордун ичине же сыртына чалынып, чатышып оролуп калат. Байлоочту карышкыр, илбирс ж. б. жырткычтар жеп кетпесин үчүн колбоордун этек жагын чоң-чоң таштар м-н бастырып коёт. Колбоор учурда сейрек колдонулат.