КОЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́ЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк -батышында. Мурма облусунда. Ба­сымдуу бөлүгү уюлдук тегеректин түндүк бөлүгүндө. Баренц ж-а Ак деңиздери м-н чулганат. Аянты 100 миң км2дей. Түндүк жээги бийик, жардуу, түш­түгү түзөң, жантайыңкы; Терск жээги деп ата­лат. Батыш бөлүгүндө Хибин тоолору (жа­рым аралдын эң бийик жери – Юдычвумчор чокусу, бийиктиги 1200,6 м) ж-а Ловозеро тундра­сы (1116 мге чейин), борбордук бөлүгүндө Кейвы жал­чалары жайгашкан. Кола жарым аралы тектоникалык жактан Балтика калканынын түндүк-чыгыш четин түзөт. Апатит рудасы (Хибин), глинозём сырьёсу (Кейвы), никель (Печенга, Мончетундра) ж. б. кен­дери бар. Климаты Атлантика жылуу агымы­нын таасиринен салыштырмалуу жылуу. Ян­вардын орточо температурасы түндүгүндө –8°С, борбордук бөлүгүндө –13°С, июлдуку 8–14°С. Босоголуу дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Туло­ма) ж-а көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ж-а тайга (негизи­нен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл ж-а саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Канда­лакша ж-а Лапландия коруктары жайгашкан.