КОЁН СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:26, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁН СЫМАЛДАР (Lagomorpha) – сүт эмүүчүлөр классынын түркүмү. 20-кылымдын орто ченине че­йин коен сымалдарды кемирүүчүлөр түркүмүнүн түркүмчөсү деп эсептешкен (эки жуп кашка тиштүүлөр). Дене узундугу 75 смге чейин жетет. Алдынкы буту 5, арт­кы буту 4 манжалуу. Кээ бир түрүнүн өңү-түсү ж-а анын түзүлүшү жыл мезгилине жараша өз­гөрүп, түлөп турат. Үстүнкү жаагында 2 жуп кашка тиши бар; алдынкы кашка тиштери ты­нымсыз өсүп тургандыктан, чоң болот. Арткы буту дайыма алдынкы бутунан узунураак. Куй­ругу кыска, кулагы узун. Бул түркүмдүн 4 туку­му, азыркы 2 тукуму: коён чычкандар (Gert- hidae) ж-а коёндор, 10 уруусунун 65 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө коёндор уруусунун 4 түрү, анын ичинде русак, ак коён, толай ж-а кроликтер кездешет. Тиричилигин күүгүмдө ж-а түнкүсүн өткөрөт. Саа­тына 70 кмге чейинки ылдамдыкта чуркайт. Жалгыз жүрөт. Бир жылда 2–5 жолу, 2–8ден 15ке чейин бөжөк тууйт. Антарктидада, Түштук Американын түштүгү, Мадагаскар аралдарынан башка бардык жерде тараган. Ийинде жашайт, бөжөгү көзү ачылбаган, жылаңач ж-а алсыз, начар туу­лат. Арктикалык тундрадан тропик токойлор­го ж-а чөлдөргө чейин, тоолордо – альп зонасы­на чейин жашайт. Айыл ж-а токой чарбасына зыян келтириши мүмкүн. 4 түрү ТКЭСтин Кы­зыл китебине катталаган.