КЛЯШТОРНЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЯ́ШТОРНЫЙ Сергей Григорьевич (04. 02. 1928, СССР, Белорус ССРи, Гомель шаары – 21. 09. 2014, Россия, Санкт-Петербург шаары)

– түрколог, профессор (1989), та­рых илимдеринин доктору (2006), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын ардак­туу академиги (1992). Ленинград мамлекеттик университетин бүткөн (1950). 1957–1962-ж. СССР ИАнын Ленинград бөлүмүн­дө Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери, 1962-жыл­дан түрк-моңгол секторунун башчысы. Россия ж. б. чет элдик басмалардан 500дөн ашык илимий эмгеги жарык көр­гөн. Чет элдик (Түркия, Гер­мания, Венгрия, Моңго­лия) илимий коомдордун мүчөсү. Кыргызстан, Казакстан, Татар­стандын тарыхына тийиштүү ири эмгектер менен монографиялардын автору. Кыргыздардын ба­йыркы тарыхын, Енисей жазуулары, Орхон жа­зуулары, Талас, Кочкор өрөөнүндөгү рунн жазу­уларын изилдөөгө да өз салымын кошкон. Үчүн­чү даражадагы Манас ордени менен сыйланган (2002).

Эмг.: Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Степные империи Евразии (в соавторстве) СПб., 1994; Памятники древнетюркской письменности и этнокультурная история Центральной Азии. М., 2006.