КЛИМЧУК Трофим Степанович
КЛИМЧУ́К Трофим Степанович (1899-1972, азыркы Беларусия, Брест облусу, Высоковск району, Волковичи кыштагы – Кыргыз ССРи, Чуй облусу, Аламүдүн району,Ленин айылы)

– а. ч. ишмери, Соц. Эмг. Баатыры (1965). 1930-жылдан Кырг-нда Кызыл-Суу, Ак- Суу, Базар-Коргон, Кызыл- Кыя, Ворошилов МТСтеринде директор (1933–37-, 1941–55-, 1938–40) Кыргыз ССР жер иштери эл комиссариатында пахтачылык башкармалыгынын начал ьниги , 1955– 68-ж. Аламүдүн р-нундагы Ленин атн. колхоз башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Ал башкарган колхоз кызылчанын ар гектарынан 451 цден түшүм алууга жетишкен. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.