КЛИМЧУК Трофим Степанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМЧУ́К Трофим Степанович (1899-1972, азыркы Беларусия, Брест облусу, Высоковск району, Волко­вичи кыштагы – Кыргыз ССРи, Чуй облусу, Аламүдүн району,Ленин айылы)

– айыл чарба ишмери, Социалисттик Эмгектин Баа­тыры (1965). 1930-жылдан Кыргызстанда Кызыл-Суу, Ак- Суу, Базар-Коргон, Кызыл- Кыя, Ворошилов МТСте­ринде директор (1933–37-,1941–55-, 1938–40), Кыргыз ССР жер иштери эл комис­сариатында пахтачылык башкармалыгынын на­чальниги , 1955– 68-ж. Аламүдүн районундагы Ленин атындагы колхоз башкармалы­гынын төрагасы болуп иштеген. Ал башкарган колхоз кызылчанын ар гектарынан 451 цден түшүм алууга жетишкен. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйлан­ган.