КЛИМАКС
КЛИ́МАКС (гр. klimax – шаты) – адамдын жыныс органдарынын функциясы акырындап басаңдоочу физиологиялык мезгил. Ал организмдин картайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жашта башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы башка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондорун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны азайып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, көңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учурда жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аялда 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жашында) башталып, ага көбүнчө ангина, грипп, өнөкөт тонзиллит, гайморит ж. б. себеп болот. Климакс убагында гипофиздин ж-а жыныс системасынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча (этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калышы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, айрымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын организминде анча өзгөрүү болбойт. Климакс учурунда гипоталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыгаруу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамуска кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын жа нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия басымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жүрөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, денеси чымырайт, уйкусу бузулат. Климакста болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жоголот, себеби организм акырындап жаңы физиологиялык шартка ыңгайланат.
Ад.: Смежных. В. П. Медицина климактерия. М.,2006.