КЛИМАКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИ́МАКС (гр. klimax – шаты) – адамдын жы­ныс органдарынын функциясы акырындап ба­саңдоочу физиологиялык мезгил. Ал организмдин кар­тайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жаш­та башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы баш­ка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондо­рун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны аза­йып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, кө­ңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учур­да жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аял­да 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жа­шында) башталып, ага көбүнчө ангина, грипп, өнөкөт тонзиллит, гайморит ж. б. себеп болот. Климакс убагында гипофиздин ж-а жыныс система­сынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча (этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калы­шы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, ай­рымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын орга­низминде анча өзгөрүү болбойт. Климакс учурунда ги­поталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыга­руу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамус­ка кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын ж­а нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия ба­сымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жү­рөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, де­неси чымырайт, уйкусу бузулат. Климакста болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жо­голот, себеби организм акырындап жаңы фи­зиологиялык шартка ыңгайланат.


Ад.: Смежных. В. П. Медицина климактерия. М.,2006.