КЛАВИАТУРА
КЛАВИАТУ́РА (лат. сlavis – ачкыч) – 1) муз. аспаптарда өзгөчө жасалган рычагдардын комплекти бар клавишалардын бир катарда жайгашуусу. Муз. аспаптын К-сын басуу м-н белгилүү бийиктиктеги үн алынат. Органда бир эле убакта ар кайсы тембрде ойноо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо ж-а так динамикалык контрасттарга жетишүү үчүн террасса сыяктуу биринин үстүнө бири жайгашкан 2–3, чоң органдарда 7 К. (мануалдар) колдонулат. Органда бут үчүн К. – педаль бар. Баян, гармондор үчүн топчу ж-а кадимки фортепьяно түрүндөгү өзгөчө К. ойлоп табылган; 2) кээ бир механизмдердеги (компьютер, эсептөө машиналары) клавишалар жыйындысы, к. Баскыч топ.