КЛАВИАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАВИАТУ́РА (латынча сlavis – ачкыч) – 1) музыкалык аспаптарда өзгөчө жасалган рычагдардын ком­плекти бар клавишалардын бир катарда жай­гашуусу. Музыкалык аспаптын клавиатурасын басуу менен бел­гилүү бийиктиктеги үн алынат. Органда бир эле убакта ар кайсы тембрде ойноо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана так динамикалык контрасттар­га жетишүү үчүн террасса сыяктуу биринин үс­түнө бири жайгашкан 2–3, чоң органдарда 7 клавиатура (мануалдар) колдонулат. Органда бут үчүн клавиатура – педаль бар. Баян, гармондор үчүн топчу жана кадимки фортепьяно түрүндөгү өзгөчө клавиатура ой­лоп табылган; 2) кээ бир механизмдердеги (компьютер, эсептөө машиналары) клавишалар жыйындысы, к. Баскыч топ.