КИШИ СЫМАЛ МАЙМЫЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШИ СЫМАЛ МАЙМЫЛДАР , г о м и н о и д­д е р, а н т р о п о и д д е р (Hominoidea, Antropomorphidea) – тар таноолуу маймылдар­дын чоң тукуму. Аларга горилла., шимпанзе, орангутан, гиббондор кирет. Африка, Азияда Суматра, Калимантан а-нда кездешет. К. с. м-дын көпчүлүк белгилери мартышка сымалдар­га караганда адамга жакын. Мис., денеси чоң, куйругу ж-а көчүк чору жок, кулак калканы да кишиникине окшош, мээси ж-а мээ кыртышы­нын бети чоң, быткылдары жакшы өрчүгөн, маң­дайы жазы, тиши кишиникиндей. Ички орган­дарынын (бөйрөк, өпкө, аппендикстин болушу) түзүлүшү да окшоштукту көрсөтөт. Кан топто­ру, анын иммун касиеттери, зат ж-а энергия алмашуусунун да кишиники м-н жалпылыгы бар. Анат. түзүлүшү ж-а бир катар көрсөткүчтөрү б-ча, айрыкча шимпанзе м-н горилла адамга өтө жакын, мис., ДНКны мол. гибриддештирүү ме­тоду м-н мартышка сымалдардын гени адамды­кы м-н 66%, шимпанзеники 91% окшош экен­диги далилденген. Биол. ж-а мед. изилдөөнүн негизинде патол. процесстер, жугуштуу оорулар­дын өтүшү да адамдын организми м-н бирдей экенин көрсөткөн. К. с. м-да гана тажрыйба жолу м-н котон жараны, проказаны пайда кы­лышкан. О. эле К. с. м. жыныстык жактан же­тилүү, боюнда көтөрүү мөөнөтү б-ча да адамга жакын. Алардын жүрүм-туруму, баамдоо ара­кети жагынан да башка маймылдарга караган­да кыйла артыкчылыгы бар.